Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-октябры № 5
«Бакай-Ата айылындагы борбордук мончо жөнүндө»
Бакай-Ата айылдык кенешинин VI-чакырылыштагы депутаттарынын 2016-жылдын кезексиз сессиясы, Бакай-Ата айылынын тургуну Момунова Шууранын борбордук мончону үлүштүк түрткү берүүчү гранттын эсебинен капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча демилгесин угуп, талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн борбордук мончону үлүштүк түрткү берүүчү гранттын эсебинен капиталдык оңдоодон өткөрүү максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2. Борбордук мончону капиталдык оңдоодон өткөрүү долбоорунун сметасынын жалпы суммасы 3 075 425 (үч миллион жетимиш беш миң төрт жүз жыйырма беш) сомду түзгөндүгү белгиленсин.
3. Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымдын 615 085 (алты жүз он беш миң сексен беш) сому накталай акча түрүндө айыл аймагынын 2017-жылдын бюджетине киргизип, которулуп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исабековго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Ширдаков |