Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-октябры № 6
Бакай-Ата айылынын тургуну Алыбаев Дуйшенбектин, Ташыбеков Базарбектин жана Тотонова Аруукенин кайрылууларын кароо жөнүндө
Ленинпол айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 14-октябрындагы кезексиз сессиясы Бакай-Ата айылынын тургуну Алыбаев Дуйшенбектин, Ташыбеков Базарбектин жана Тотонова Айканыштын кайрылууларын карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин чыгашадан ашкандын эсебинен ар бирине 20 000 (жыйырма миң) сом акчалай жардам көрсөтүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана экономика маселелери комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Ширдаков |