Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-октябры № 8
Бакай-Ата райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Ленинпол айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 14-октябрындагы кезексиз сессиясы Бакай-Ата райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын кайрылуусун карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айылынын Бообек кайрылышынан күн батыш тарабын көздөй жана Наматбек айылын ветеринардык жактан тейлөө кызматын Э.Тункатаров келишим түзгөндүгү эске алынсын.
2. Бакай-Ата айылынын Бообек кайрылышынан күн чыгыш тарабын көздөй 1 (бир) ветеринар келишимдин негизинде кабыл алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исабековго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Ширдаков |