Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-октябры № 9
Штаттык бирдикке өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ленинпол айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 14-октябрындагы сессиясында Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2016-жылга айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиктерине өзгөртүү киргизүү сунушун карап чыгып Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 113-беренесинин 2-пунктун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 20-беренесин жетекчиликке алып Ленинпол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн штаттык бирдиги төмөнкү курамда бекитилсин:
- Айыл өкмөт башчысы – 1,
- Жооптуу катчысы – 1,
- Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы – 1,
- Киреше боюнча башкы адис – 1,
- Жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча башкы адис -1,
- Чыгаша боюнча башкы адис - 1,
- Өзгөчө кырдаалдар, турак-жай жана коммуналдык чарба боюнча башкы адис – 1,
- Юридикалык маселелер боюнча жетектөөчү адис – 1,
- Социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис – 1,
- Маалыматтык компьютердик технологиялар боюнча жетектөөчү адис – 1,
- Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча адис – 1,
- Киреше боюнча адис - 1,
- Наматбек айылынын айыл башчысы – 1,
- Жаштар ишин жана массалык спортту өнүктүрүү боюнча адис -1,
- Аскердик эсепке алуу боюнча инспектору – 1.
Тех персонал:
- Техничка -1,
- Кароолчу жана короо шыпыруучу – 1.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исабековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Атантаевге жүктөлсүн.
Төрага | Н. Ширдаков |