Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-октябры № 13
Бакай-Ата айыл аймагындагы калктуу конушунун административдик чек арасын тактоо жана бекитүү жөнүндө
Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 30-апрель 2015-жылдагы №Б-25/I буйругунун негизинде, Бакай-Ата айыл аймагынын 2016-жылдын 26-октябрындагы № 213 токтомунун негизинде “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институнун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясынын Бакай-Ата айыл аймагынын Бакай-Ата, Наматбек калктуу конушунун чек арасын тактоо жана бекитүү иш кагаздарын карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институнун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Бакай-Ата айыл аймагынын Бакай-Ата, Наматбек калктуу конушунун чек арасын тактоо боюнча материалдары бекитилсин.
2. Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалдарынын негизинде Бакай-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына жерди эсепке алуу иш кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Ширдаков |