Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-октябры № 14
Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетине акча каражаттарын кириштөө жөнүндө
Ленинпол айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 14-октябрындагы кезексиз сессиясы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетине акча каражаттарын кириштөөнү карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Рич Маунд” компаниясынан 454 604 сом акча каражаты бюджетке кириштелсин.
2. “Нефтеразвед компани ЧЖ Уннен” ЖЧКнан 185 487 сом акча каражаты бюджетке кириштелсин.
3. Жогорудагы акча каражаттары төмөндөгү иштерге сарпталсын:
4. Райондук суу чарба башкармалыгынын көмөк чордонуна 15095 сом бөлүнүп берилсин.
5. Наматбек айылындагы мини-футбол стадионуна 200,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
6. Шатурный насосуна 4510 сом бөлүнүп берилсин.
7. Бакай-Ата айылындагы борбордук көчөсүндөгү электр лампаларын жаңыртууга 39770 сом бөлүнүп берилсин.
8. Жашылдандыруунун айыбына 46021 сом бөлүнүп берилсин.
9. “Кыял” бирикмесине 21912 сом бөлүнүп берилсин.
10. Архив мекемесине 32054 сом бөлүнүп берилсин.
11. Гипрозем мекемесине 12346 сом бөлүнүп берилсин.
12. Жергиликтүү кеңештердин шайлоосун материалдык-техникалык жактан камсыз кылуусуна 20,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
13. Бакай-Ата айылынын тургуну Алыбаев Дуйшенбектин, Ташыбеков Базарбектин жана Тотонова Айканыштын кайрылууларынын негизинде 60,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
14. Кайназар көчөсүнө таза суу киргизүүгө кошумча келишимдин негизинде 119623 сом бөлүнүп берилсин
15. Райондук архитектура башкармалыгына 68769 сом бөлүнүп берилсин
16. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Ширдаков |