Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 2-августу № 5
Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын 2016-жылдын 6 айлык отчетун угуу жөнүндө
Ленинпол айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 02-августундагы кезексиз сессиясы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исабековдун 2016-жылдын 6 айлык отчетун карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исабековдун 2016-жылдын 6 айлык отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары К.Атантаевге жүктөлсүн.
Төрага | Н. Ширдаков |