Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 2-августу № 8
Бакай-Ата айыл аймагында жайгашкан тамактануучу жайларда, мекеме-уюмдарда, ошондой эле калкты ичүүчү суу менен камсыздоо жана таштандыларды ташып чыгаруу үчүн тарифтер жөнүндө
Ленинпол айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 02-августундагы кезексиз сессиясы Бакай-Ата айыл аймагында жайгашкан тамактануучу жайларда, мекеме-уюмдарда, ошондой эле калкты ичүүчү суу менен камсыздоо жана таштандыларды ташып чыгаруу үчүн тарифтерди карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл аймагында жайгашкан тамактануучу жайларда, мекеме-уюмдарда, ошондой эле калкты ичүүчү суу менен камсыздоо жана таштандыларды ташып чыгаруу үчүн тарифтер бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исабековго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Ширдаков |