Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXXI сессиясы
2016-жылдын 21-декабры № 2
Ноокат шаар мэриясынын бюджетинен 2016-жыл ичинде үнөм болгон акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын бюджетинен 2016-жыл ичинде үнөм болгон акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаар мэриясынын 2016-жыл ичинде үнөм болгон акча каражатынын эсебинен төмөндөгүлөргө ажыратылып берилсин:
- Ноокат шаарынын борборлоштурулган бухгалтериясынын кызматкерине кызматтык сапарларга кеткен чыгымдарга 12 700 сом;
- Н.К. Крупская атындагы орто мектебинин окуучуларына спорт формаларын алуу үчүн 15 000 (он беш миң) сом;
- Х.Самиев атындагы орто мектебинин окуучуларына спорт формаларын алуу үчүн 15 000 (он беш миң) сом;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |