Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXXI сессиясы
2016-жылдын 21-декабры № 3
Ноокат шаар мэриясынын бюджетинен 2016-жыл ичинде үнөм болгон акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын бюджетинен 2016-жыл ичинде үнөм болгон акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын 2016-жыл ичинде үнөм болгон акча каражатынын эсебинен төмөндөгүлөргө ажыратылып берилсин:
- Ноокат райондук сотунун №ГД-1273-16-05 чечиминин аткарууга 17 326 (он жети миң үч жүз жыйырма алты) сом;
- Ноокат райондук сотунун №АД-000016\16-МО токтомунун аткарууга 1000 (бир миң) сом, почта кызматына 30 (отуз) сом;
- 2016-жыл 1-январынан баштап 2016-жылдын 16-декабрына чейин болгон соттук процесстерге катышуу үчүн кызматтык сапарларга 18 000 (он сегиз миң) сом;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |