Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXXI сессиясы
2016-жылдын 21-декабры № 4
Ноокат шаарынын аймагындагы №1 Уркия Салиева атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесине акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы №1 Уркия Салиева атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесине акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын 2016-жыл ичинде үнөм болгон акча каражатынын эсебинен №1 Уркия Салиева атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесине:
-Электро двигатель жана вентилятор сатып алуу үчүн 16 000 (он алты миң) сом;
-2017-жаңы жыл майрамын салтанаттуу тосуу үчүн балаты жана оюнчактарды сатып алууга 3 000 (үч миң) сом ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдъъ Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |