Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXXI сессиясы
2016-жылдын 21-декабры № 5
Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абуваитов атындагы орто мектебине акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын А.Абуваитов атындагы орто мектебине терезелер кою үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын А.Абуваитов атындагы орто мектебине терезелер кою үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2016-жыл ичинде үнөм болгон акча каражатынын эсебинен 213 500 (эки жүз он үч миң беш жүз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |