Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXXI сессиясы
2016-жылдын 21-декабры № 6
“Ноокат Жылуулукту камсыздоо муниципалдык ишканасына” акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
“Ноокат Жылуулукту камсыздоо муниципалдык ишканасынын” жылуулук трассасына, жылуулук иштеп чыгуучу курулмаларды оңдоо үчүн түзүлгөн деффект акттын негизинде акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ноокат Жылуулукту камсыздоо муниципалдык ишканасынын” жылуулук трассасын оңдоп түзөө үчүн сметанын негизинде Ноокат шаар мэриясынын 2016-жыл ичинде үнөм болгон акча каражатынын эсебинен 198 640 (бир жүз токсон сегиз миң алты жүз кырк) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |