Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXXI сессиясы
2016-жылдын 21-декабры № 7
Ноокат Жылуулукту камсыздоо муниципалдык ишканасынын 2016-2017-жылдар үчүн жылуулук камсыздоо боюнча тарифтерди бекитип берүү жөнүндө
“Ноокат Жылуулукту камсыздоо муниципалдык ишканасы” нын 2016-2017-жылдар үчүн жылуулук камсыздоо боюнча тарифтерди бекитип берүү боюнча 2016-жылдын 20-декабрында Ноокат шаардык кеңешине жазган № 6 катын угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ноокат Жылуулукту камсыздоо муниципалдык ишканасы” нын 2016-2017-жылдар үчүн жылуулук камсыздоо боюнча тарифтери төмөндөгү таблица боюнча бекитилсин:
№ | Аталышы | Көлөмү | Суммасы |
|
1 | Бюджеттик жана башка ишкана мекемелер үчүн | 1 г ккал | 3056-16 | Салыктарды эсепке албаганда |
2 | Къп кабаттуу үйлөр жана жер үйлөрдө жашаган элдер үчүн | 1 г ккал | 1134-76 | Салыктарды эсепке албаганда |
2. “Ноокат Жылуулукту камсыздоо муниципалдык ишканасы” нын 2016-2017-жылдар үчүн жылуулук камсыздоо боюнча тарифтери Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агентигинин Ош облустук бөлүмү менен макулдашуу жагы жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |