Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXXI сессиясы
2016-жылдын 21-декабры № 9
Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Абдумаликов атындагы көчөсүнө акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Абдумаликов атындагы көчөсүнө электр маамыларын орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы Х.Абдумаликов атындагы көчөсүнө электр маамыларын орнотуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2016-жыл ичинде үнөм болгон акча каражатынын эсебинен 189 000 (бир жүз сексен тогуз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |