Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXXI сессиясы
2016-жылдын 21-декабры № 10
Ноокат шаарынын аймагындагы муниципалдык жылуулук менен камсыздоо ишканасына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы муниципалдык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын жылытуу отканасына насос сатып алуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын бюджетинен 2016-жыл ичинде үнөм болгон акча каражатынын эсебинен ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарынын аймагындагы муниципалдык жылуулук менен камсыздоо ишканасына Ноокат шаар мэриясынын бюджетинен 2016-жыл ичинде үнөм болгон акча каражатынын эсебинен жылытуу отканасына насос сатып алуу үчүн 70 000 (жетимиш миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |