Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-августу № 32
Майдан, Каражыгач айылдарындагы спорт аянтчаларына, М. Таиров мектебине, Кара – Дөбө айылындагы селканага акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Майдан айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 15-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айылында жаныдан курула турган спорт аянтчаларынын проектилери үчүн «Адис Алай» ишканасына 70 000(жетимиш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Каражыгач айылында жаныдан курула турган спорт аянтчаларынын проектилери үчүн «Адис Алай» ишканасына 70 000(жетимиш миң) сом акча каражаты бөлүнүн берилсин.
3. Майдан айылындагы М. Таиров орто мектебинин жаныдан курулуп бүткөн имааратынын жана ашканасынын проектилери берилсин.
4. Кара-Дөбө айылында селден жабыркаган жолдор, селканалар, жана айылдык мазарды тазалоо тосуу үчүн 160 000 (бир жүз алтымыш миң) сом акча каражаты келишимдин негизинде Ж. С.Шшеркозиевге бөлүнүп берилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | К. Курмушуев |