Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-декабры № 51
“Дара суусу” ИСКАКБсына келип түшкөн 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражатын Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кириштөө жана бөлүштүрүү жөнүндө
“Дара суусу” ИСКАКБсына келип түшкөн 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражатын Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кириштөө жана бөлүштүрүү жөнүндө ФЭБнун башчысы М.Зайналовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Дара айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эл депутаттарынын Дара айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XVI сессиясынын чечими менен 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражатын Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кириштелсин.
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кириштелген 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты “Дара суусу” ИСКАКБсынан Чек айылына келүүчү кудуктан алуучу суу насосуна жана Өрүкзар кварталына суу чыгаруу үчүн 246,0 (эки жүз кырк алты миң) сом акча каражаты 3111 бөлүкчөсүнө бөлүнсүн.
3. Насосту кудукка орнотуу үчүн кеткен чыгымдарга 54,0 (элүү төрт миң) сом акча каражаты 2215 бөлүкчөсүнө бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Камаловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мажилимов |