Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 5-ноябры № 20
Кадамжай шаарындагы Б.Айтматов атындагы гимназия мектебине заманбап көп түрдүү спорттук аянтчасынын жана чуркоо жолунун курулушуна өздүк салым кошуу жөнүндө
Кадамжай шаардык мэриясынын кайрылуусунун негизинде Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарындагы Б.Айтматов атындагы гимназия мектебине заманбап көп түрдүү (мини футбол, волейбол, баскетбол ж.б.) спорттук аянтчасын жана чуркоо жолун курууга даярдалып жаткан долбоордун 50 пайызга чейинки өздүк салымы жергиликтүү бюджеттин эсебинен берилүүсү колдоого алынсын.
2. Токтомдун мыйзамдуу аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Т.Камбаровко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Бегалиев |