Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 5-ноябры № 21
Кадамжай шаарындагы Металлург көчөсүндөгү курулуп жаткан 45 батирлүү көп кабаттуу үйдүн ээлеген жер аянтынын мамлекеттик актысын күрөөгө коюу жөнүндө
Кадамжай шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин “2015-жылдын 26-ноябрындагы № 19-05-72 сандуу Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги менен түзүлгөн үч тараптуу насыя милдеттеменин 3.5-пунктуна ылайык курулуп жаткан 45 батирлүү көп кабаттуу үйдүн ээлеген жер аянтынын мамлекеттик актысын күрөөгө коюу жөнүндөгү” кайрылуусунун негизинде Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарындагы Металлург көчөсүндөгү курулуп жаткан 45 батирлүү көп кабаттуу үйдүн ээлеген жер аянтынын мамлекеттик актысын күрөөгө коюуга макулдук берилсин.
2. Токтомдун мыйзамдуу аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Т.Камбаровко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын къзъмълдъъ Кадамжай шаардык кенешинин каржы, бюджет жана пландоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | Б. Бегалиев |