Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 5-ноябры № 22
Кадамжай шаарындагы аты жок көчөгө согуштун ардагери Колдошов Джоронун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кадамжай шаардык Кеңеши шаардын аймагындагы аты жок көчөгө Колдошов Джоронун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү кайрылууну карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарындагы аты жок көчөгө согуштун ардагери Колдошов Джоронун ысымы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Т.Камбаровко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Бегалиев |