Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 5-ноябры № 23
Кадамжай шаарындагы Автобаза көчөсүнө эмгектин жана согуштун ардагери Аюпов Максидиндин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңеши Автобаза көчөсүнүн жашоочуларынын “өздөрү жашаган көчөгө Аюпов Максидиндин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү” кайрылуусун карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарындагы Автобаза көчөсүнө эмгектин жана согуштун ардагери Аюпов Максидиндин ысымы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Т.Камбаровко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Бегалиев |