Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 5-ноябры № 24
Кадамжай шаарынын А.Орозбеков көчөсүнүн түндүк тарабындагы Саитмуратов Данияр Салыжановичке өздөштүрүүгө берилип, бак тигилген жер аянтын жайыт жеринен калктуу конуштар категориясына которуу жөнүндө
Кадамжай шаардык кеңешинин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун жана шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин кайрылуусунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаардык мэриясына А.Орозбеков көчөсүнүн түндүк тарабындагы өздөштүрүүгө берилип, бак тигилген 0,26 га жер аянтын жайыт жеринен калктуу конуштар категориясына которууга уруксат берилсин.
2. Кадамжай райондук мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо башкармалыгынан өздөштүрүүгө берилген жер аянтын жайыт жеринен калктуу конуштар категориясына которуу боюнча иш кагаздарын бүтүрүү жагы суралсын.
3. Токтомдун мыйзамдуу аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Т. Камбаровко милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык кеңешинин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Бегалиев |