Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 5-ноябры № 25
Кадамжай шаарынын Орозбеков көчөсүндөгү асфальттын кээ бир участкаларын жана жол астындагы суу түтүкчөлөрүн ремонттоо жөнүндө
Кадамжай шаарынан кесип өткөн Ош-Баткен-Исфана жолунун 124+200 км (Азия нефть май куюучу жайынын тушундагы), 124+800 км (Темирбаев көчөсү менен Орозбеков көчөсүнүн кесилишиндеги), 123+600 км (Д.Таштанов менен К.Кыргызбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги) участкаларын жана жол астынан өткөн суу түтүктөрүн ремонттоо боюнча шаардык кеңештин депутаттарынын сунушун эске алуу менен Кадамжай шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жогорудагы участкаларды ремонттоо жана суу түтүкчөлөрүн оңдоо жагы тиешелүү ишкана-мекемелерге тапшырылсын: 1. “Кадамжай-Коммунальщик” акционердик коому (Шакирова Х.) 2. КЪПКТЖ муниципалдык ишканасы (Салаев Р.) 3. ДЭП-46 ишканасы(Ысманов С.)
Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Т.Камбаровко милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кадамжай шаардык кеңешинин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Бегалиев |