Редакцияот 30.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Жар айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин кезектүү II сессиясы (VII чакырылыш)

 

2017-жылдын 30-январы №3

Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын II кезектүү сессиясында каралган Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын II кезектүү сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын II кезектүү сессиясында жабык жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер Кадыркулов Максат Турганалиевич Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы белгиленсин.

2. Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын «Айыл өкмөт башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык мыйзам чегинде өттү деп таанылсын.

 

Төрайымы

С. Аттокурова