Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-февралы №4
Депутаттардын Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын III кезектүү сессиясында 1-январь 2017-жылга калган 719 594 сом 93 тыйын акча акча каражатына жана атайын счетто калдык болуп калган 28495 сом акча каражатын чыгымдоо боюнча Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы М. Кадыркуловдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын III кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2017-жылдын 1-январына карата калдык болуп калган акча каражаттары төмөндөгү максаттарга жумшалсын.
1. Ак-Жар айылына АРИС аркылуу келген погрузчикти алууда акча каражаты жетпей калгандыктанөздүк салым катары жайыт комитетинин эсебине 186 000 сом которулуп берилсин.
2. Айылдык кеңештин төрайымынын эмгек акысына 12700 сом анын ичинен эмгек акысына 10800 сом, социалдык фонд үчүн төлөмүнө 1900 сом.
3. Коборгон Сай жана Уй-Сарай участкасынын көчөлөрүнө электр лампаларын алуу жана орнотуу жумуштары үчүн 50000 сом.
4. 23-февраль мекенди коргоочулардын күнүнө карата өтүүчү спорт оюндарына 5000 сом.
5. 8-март аялдардын эл аралык майрамын айыл аймагында өткөрүү үчүн 45000 сом.
6. 21-март «Нооруз» майрамын өткөрүү үчүн 50000 сом.
7. Айыл өкмөтүнүн имаратына камера орнотуу үчүн керектүү болгон жабдууларды алуу жана орнотуп берүү жумуштары үчүн 72000 сом.
8. Жашылдандыруу иштерине бак-дарактарды алуу үчүн 10000 сом.
9. Айыл өкмөтүнүн алдына желекти көтөрүп түшүрүп туруучу атайын бийик стойка орнотуу үчүн 6000 сом.
10. Айыл өкмөтү 2013-жылы мугалимдердин айлык акысынан кармалуучу киреше салыгы үчүн текшерүүнүн жыйынтыгы менен карыз болуп калгандыктан киреше салыгына 103500 сом.
11. Ак-Жар айылындагы 6 квартал башчыларынын эмгек акысына 60000 сом анын эмгек акысы 51200 сом, социалдык фонд үчүн төлөмү 8800 сом.
12. Интернет үчүн 30000 сом.
13. Жол белгилерин орнотуу үчүн 10000 сом.
14. Айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин канцелярдык товарлар менен камсыз болуусу үчүн 36800 сом.
15. Контордун тазалыгын сактоо, жыл ичинде керек болгон муктаждыктарды алуу үчүн 12594 сом.
16. Мектептин ашканасына аристон жана камыр жайганга стол алууга30000 сом.
17. Бала-бакчанын материалдык техникалык базасы чыңдаганга 26300 сом.
18. Балдардын тамак-ашына 2195 сом.
Бул токтомдун ишке ашырылышын камсыздоо жагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы М. Кадыркуловго тапшырылсын.
Токтомдо көрсөтүлгөн сметаны бекитип берүү жагы райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
Төрайымы | С. Аттокурова |