Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-февралы №5
2017-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрү республикалык бюджеттен алынуучу теңдештирилген гранттан жана айылда топтолуучу салык булактарынын эсебинен төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин.
КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ:
Жергиликтүү бюджетке алынуучу салык 2934.9 миң сом
Теңдештирилген грант 5132.7 миң сом.
Баары 8067,6 миң сом
ЧЫГАША БӨЛҮГҮ:
Башкаруу аппаратына 4843,3 миң сом.
Китепканага 170,7 миң сом.
Клубга 466,2 миң сом.
«Сезим» бала бакчасына 152,3 миң сом.
Билим берүүгө (А. Жаналиев) 1541,6 миң сом.
Атайын каражат 154,5 миң сом.
704 Экономикалык маселелер (жайыт) 664,0 сом
Баары 8067,6 миң сом.
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин типтүү штаттык бирдигине ылайык кызматкерлердин эмгек акысы 14-айлык ченемде расчетторго ылайык түзүлүп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн кызматтык автомашинасы жок болгондуктан айыл өкмөтүнүн башчысынын менчик автомашинасы кызматтык автоунаа катары пайдаланылып күйүүчү майына тиешелүү акча каражаты бөлүнсүн.
3. Ата-энелер төлөөчү взностон 2017-жылга карата 100,0 (бир жүз миң) акча каражатына кошумча план суралсын.
4. Айылдык кеңештин депутаттары бекитип берген акча каражаттары КРнын «Бюджеттик кодекс» жөнүндө мыйзамынын негизинде чыгымдоо жагы Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтеринин милдетин убактылуу аткаруучу Т. Аттокуровго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Кадыркуловго милдеттендирилсин.
Төрайымы | С. Аттокурова |