Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-февралы №8
Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын III кезектүү сессиясында каралган жеке менчик ветеринарлардын элге кызмат көрсөтүү жана малдарды дарылап вакцинациядан өткөрүү үчүн район боюнча бирдейлештирген прейскуранты бекитип берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын III кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагындагы жеке менчик ветеринарлардын элге кызмат көрсөтүү жана малдарды дарылап вакцинациядан өткөрүү үчүн район боюнча бирдейлештирген прейскуранты бекитилип берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн мал чарбасы жана ветеринардык маселелер боюнча башкы адиси Н.Майрамбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы М.Кадыркуловго тапшырылсын.
Төрайымы | С. Аттокурова |