Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-марты №9
Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын IV кезектүү сессиясында каралган Жайыт комитетинин бюджетин карап бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын IV кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагынын Жайыт комитетинин бюджетинин киреше бөлүгү 664,0 миң сомго, ал эми чыгаша бөлүгү 664,0 сомго бекитилсин.
2. Ат-Башы айыл өкмөтүнө караштуу «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын таштанды төгүүсү үчүн жылына 200,0 миң сом акча каражатын которуп берүүсү бекитилсин.
3. Ат-Башы ТБнын таштанды төгүүсү үчүн 30,0 миң сом акча каражатын которуп берүүсү бекитилсин.
4. «Ат-Башы сүт» жоопкерчилиги чектелген коомунун таштанды төгүүсү үчүн 20,0 миң сом акча каражатын которуп берүүсү бекитилсин.
5. 2017-жылдын ар бир мал башына алынуучу жайыт акысы төмөндөгүдөй бекитилсин: Ички жайыттар үчүн айылдын тургундарына
1(Бир) баш кой-эчкиге- 8(Сегиз) сомдон,
1(Бир) баш бодо малга 40(Кырк) сомдон,
Башка жактын малчылары үчүн
1(Бир) баш кой-эчкиге 12(Он эки) сомдон,
1(Бир) баш бодо мал үчүн 60(Алтамыш) сомдон бекитилсин,
Ал эми алыскы жайыт үчүн айылдын тургундарына
1(Бир) баш кой-эчкиге- 8(Сегиз) сомдон,
1(Бир) баш бодо малга 40(Кырк) сомдон,
Башка жактын малчылары үчүн
1(Бир) баш кой-эчкиге 12(Он эки) сомдон,
1(Бир) баш бодо мал үчүн 130(Бир жүз отуз) сомдон бекитилсин.
6. Жүк көтөрүүчү трактордун акысы төмөндөгүдөй бекитилсин:
Айылдын тургундары үчүн 1 күнгө 8 саат жумуш күнү үчүн 3000 миң сом акы, күйүүчү майынан тышкары, ал эми башка жактын тургундары үчүн 1 күнгө 8 саат жумуш күнү үчүн 6000(Алты миң) сом акы, күйүүчү майынан тышкары бекитилсин.
7. Жайыт комитетинин төрагасы Ф.Касиевдин Фольксваген-Джетта гос. №В8126F менчик автоунаасы жайыт комитетинин кызматтык автоунаасы катары пайдаланууга уруксаат берилсин.
8. Жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттарын максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу жагы Жайыт комитетинин төрагасы Ф.Касиевге милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловго жүктөлсүн.
Төрайымы | С. Аттокурова |