Загрузка документа…
ТОРТГУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тортгул айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
2016-жылдын 3-октябры № 3
Тортгул айыл өкмөтүнө караштуу чоң жолдун боюндагы жер аянттарын муниципалдык менчикке алуу жана аукцион аркылуу сатуу жөнүндө
Тортгул айыл өкмөтүнө караштуу чоң жолдун боюндагы курулуш астындагы жер аянттарын муниципалдык менчикке алуу жана аукцион аркылуу сатуу жөнүндө депутаттар арасында кеңири талкуу жүрүп Тортгул айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Кара айылындагы чоң жолдун боюнан төмөнкү курулуш астындагы жер аянттарын муниципалдык менчикке алууга жана аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин.
- Чоң-Кара айылынын каналдын боюнан 0,03 га;
- Эски заправканын орду 0,03 га;
- Эски чөпканага бурулган жолдун сол жагынан Лот № 1 0,01 га;
Лот № 2 0,01 га;
- Ийри-Сай участкасынан 0,10 га;
- Эски суу камоочу кампанын орду 0,03 га;
- Ак-Турпак айылына бурулуучу жолдун сол жагынан Лот № 1 0,40 га;
Лот №2 0,20 га;
- Чоң-Талаа айылына караштуу «Развилка» участкасынан Лот № 1 0,40га;
Лот № 2 0,20 га;
2. Чоң-Талаа айылындагы элдерге турак жай куруу үчүн берилген 27 га жер аянтынын жана Развилка участкасындагы жолдун боюндагы социалдык объектилерди куруу үчүн ажыратылган жер аянттарын муниципалдык менчикке алууга жана аукцион аркылуу сатууга уруксат берилсин.
Төрага | М. Жалалов |