Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-марты №11
Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын IV кезектүү сессиясында каралган кошумча маселе Ак-Жар айыл аймагынынын айыл өкмөтүнө 2017-жылга каралган бюджеттен тышкары чет элдик аңчылардан (инохота) түшкөн 242500 сом акча каражатты жана жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акыдан түшкөн 94819 сом жалпы 337319 сом акча каражатты чыгымдоо боюнча Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы М. Кадыркуловдун кайрылуусун жана «Сезим» бала бакчасынын башчысы Ы. Жетигенованын бала бакчага 100000 сом кошумча план бекитип берүү тууралуу кайрылуусун угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын IV кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл-Нарын жаратылышты коргоо жергиликтүү фондуна10000 сом каралсын.
2. Ак-Жар айылындагы дыйкандар бирикмеси жайгашкан жерге, айылыбызга ветеринардык клиника ачуу үчүн жана айылыбыздагы мечиттин жер боюнча документтерин бүтүрүп мамлекеттик акт алуу үчүн госрегистр мекемесине которуу үчүн 85000 сом акча каржаты каралсын.
3. Кызматтык автоунаа катары пайдаланган автоунаанын унаа тетиктерин алуу үчүн 40000 сом каралсын.
4. Мектептин от казанын толугу менен которуу жумуштарына 165 000миң сом.
5. Мектептин бир кабинетин аскердик кабинет кылып жасалгалоо үчүн 25000 сом.
6. Жаңы конушта жайгашкан парктагы бак-дарактарды сугаруу үчүн парктын жанына колонка уруп суу чыгарууга керектүү материалдарды жана насос, шланг алуу үчүн 12319 сом акча каражаты каралсын.
7. «Сезим» бала бакчасынын башчысы Ы. Жетигенованын кайрылуусуна ылайык райондук финансы бөлүмүнөн бала-бакчага 100000 сом кошумча план сурап алуу жагы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтеринин милдетин убактылуу аткаруучу Т. Аттокуровго милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун бекитилген бюджеттерге ылайык ишке ашырылышын камсыздоо жагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы М. Кадыркуловго тапшырылсын.
Төрайымы | С. Аттокурова |