Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-марты №12
Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын IV кезектүү сессиясында каралган айылды жашылдандыруу-көрктөндүрүү, тазалыкты сактоо максатында айыл өкмөт кызматкерлеринин жана кварталдык комитет башчыларынын сунушун аткарбаган айылдын жашоочуларына көрүлүүча тартиптик чараларды бекитип берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын IV кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айылында жашылдандыруу-көрктөндүрүү жана тазалыкты сактоо иш чараларын өткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы М.Кадыркуловго милдеттендирилсин.
2. Айылды жашылдандыруу-көрктөндүрүү жана тазалыкты сактоо максатындагы иш аракеттерди жүргүзүүдө аткарбай баш тарткан айылдын тургундарын (көчөлөргө кар, кир сууларды, күл жана башка таштанды төккөндөргө, өзүнүн жашаган жерлеринин тушундагы арыктарды тазалоо жана көчөлөрдү таза кармоо, турак- жайларын, дубалдарды акилөө боюнча иш аракеттерди жазабагандарга) тартипке чакыруу максатындагы төмөндөгүдөй тартиптик чаралар бекитилсин:
1) Айыл өкмөт тарабынан «Эскертүү» берүү
2) Аксакалдар сотунда тартибин кароо
3) Аксакалдар соту аркылуу тартибин карап штраф салуу
3. Мыйзамсыз тосуп алынган жерлерди (огороддорду) айыл өкмөтүнө кайтарып алуу, же болбосо ошол жерлер үчүн жогорулатылган салык салуу боюнча иш аракеттерди көрүү жагы айыл өкмөт башчысы М.Кадыркуловго жана жер, турак-жай боюнча башкы адиси Ж.Жунусовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы М.Кадыркуловго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Жар айылдык Кеңешине жүктөлсүн.
Төрайымы | С. Аттокурова |