Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-майы №13
УГУЛДУ:Аталган маселе боюнча Ак-Жар айылдык Кеңешинин төрайымы С.Аттокурованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын V кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КРнын Жер Кодексинин 13-82-статьяларына ылайык Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 26-декабрь 2016-жылдагы №265-б буйругунун негизинде Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу «Ноот» участкасындагы 5,0 га жер аянты ЖЧК «Ат-Башы кирпич заводуна» 3(Үч) жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилсин.
2. Убактылуу пайдаланууга берилген жердин ар бир гектарына жылына ижара акысы 20000(Жыйырма миң) сом болуп бекитилсин.
3. Убактылуу пайдаланууга берилген жер аянтына айыл өкмөтү, ЖЧК «Ат-Башы кирпич заводу» менен эки тараптуу ижара келишими түзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы М.Кадыркуловго милдеттендирилсин жана токтомду бекитип берүү жагы Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Төрайымы | С. Аттокурова |