Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-майы №16
УГУЛДУ: Аталган маселе боюнча Ак-Жар айылдык Кеңешинин төрайымы С.Аттокурованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын V кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагындагы малчылардын ички жайытка көчүү убактысы 1-майга, ал эми алыскы жайытка көчүү 15-июнга, кайра көчүп келүү 10-октябрга белгиленсин.
2. Ички жана алыскы жайытка көчүү жана кайра көчүп келүү мөөнөтүн сактабаган малчыларга күнүнө 5000(Беш миң) сомдон айып салынсын.
3. Бада 1-майдан тартып уюштурулсун.
4. 1-Майдан тартып 10-октябрга чейин айдоо аянттарына кирген малдарга кой-эчкиге 50(Элүү) сомдон, бодо малга 500(Беш жүз) сомдон айып салынсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы М.Кадыркуловго милдеттендирилсин.
Төрайымы | С. Аттокурова |