Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-майы №17
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-2020-жылдарга карата болжолдуу долбоордук сметасын карап жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын V кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-2020-жылдарга карата болжолдуу долбоордук сметасы төмөндөгүдөй бекитилсин.
2018-жылга жергиликтүү киреше 3 382 100 (Үч миллион үч жүз сексен эки миң бир жүз) сом, теңдештирилген грант 5 221 800 (Беш миллион эки жүз жыйырма бир сегиз жүз) сом. Баардыгы 8 603 900 (Сегиз миллион алты жүз үч миң тогуз жүз) сомго.
2019-жылга жергиликтүү киреше 3 534 700 (Үч миллион беш жүз отуз төрт миң жети жүз) сом, теңдештирилген грант 5 494 800 (Беш миллион төрт жүз токсон төрт миң сегиз жүз) сом. Баардыгы 9 029 500 (Тогуз миллион жыйырма тогуз миң беш жүз) сомго.
2020-жылга жергиликтүү киреше 3 754 400 (Үч миллион жети жүз элүү төрт миң төрт жүз) сом, теңдештирилген грант 5 769 600 (беш миллион жети жүз алтымыш тогуз миң алты жүз) сом. Баардыгы 9 524 300 (Тогуз миллион беш жүз жыйырма төрт миң үч жүз) сомго.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтеринин милдетин убактылуу аткаруучу Т.Аттокуровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Кадыркуловго тапшырылсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттодон өткөрүлүп Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрайымы | С. Аттокурова |