Загрузка документа…
ТОРТГУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тортгул айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
2016-жылдын 3-октябры № 4
Тортгул айыл өкмөтүнүн аймагында геологиялык чалгындоо иштерин кароо жөнүндө
Тортгул айыл өкмөтүнө караштуу Кожешкен жайлоосундагы «Жылуу-Суу» участкасына «Хао Май» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө депутаттар арасында кеңири талкуу жүрүп Тортгул айылдык Кеңешинин Vчакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тортгул айыл өкмөтүнө караштуу «Жылуу-Суу» участкасына «Хао Май» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан геологиялык чалгындоо иштерин жургузууго макулдук берилбесин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тортгул айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Артыковго тапшырылсын.
Төрага | М. Жалалов |