Редакцияот 26.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 26-январы №6

Айылдык Кеңештин депутаты Эгембердиев Жакшылык Насипбекович депутаттык мандатын токтотуу жөнүндө

 

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесинин 1,2-пункту жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 24-беренесинин 2-пунктуна ылайык Эл депутаттарынын Ноокен айылдык Кеңешинин ХХVII -чакырылышынын III -сессиясында угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эгембердиев Жакшылык Насипбекович Ноокен айыл аймагынын башчысы болуп шайлангандыгына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары токтотулсун.

2. Кийинки депутатты мыйзамга ылайык аныктап берүү жагы Ноокен аймактык шайлоо комиссясынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин төрагасы Н. Муратовко милдеттендирилсин.

 

Төрага

Н. Муратов