Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-марты №1
Эл депутаттарынын Ноокен айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы Ноокен айыл аймагынын финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы К.Сулаймановдун айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин долбору боюнча жана 2017-2019-жылдарга бюджетинин долбору боюнча маалыматы угуп талкуулап Ноокен айылдык Кеңешинин ХХVII -чакырылышынын IV –сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокен айыл аймагынын финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы К.Сулаймановдун айыл аймактын жергиликтүү бюджетинин 2017-жылга бюджети жана 2017-2019-жылдарга долбору боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Ноокен айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин 2017-жылга бюджетти жана 2017-2019-жылдарга долбоору №1 тиркемеге ылайык белгиленсин.
3. Ноокен айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин чыгашаларынын 2017-жылга бюджети жана 2017-2019-жылдарга долбоору №2 тиркемеге ылайык белгиленсин.
4. Ноокен айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын 1-январына карата кассалык накталай акча каражат жүгүртүүсү 231,0 (эки жүз отуз бир) миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
5. Ноокен айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын 1-январына калган калдыгы №3 тиркемеге ылайык белгиленсин.
6. “ Кыргыз Республикасынын бюджетин укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү “Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы №78 мыйзамынын 23 беренесине 2017-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин 1% эсебине 141,5 миң сомдук Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысынын резервтик фондусу түзүлсүн.
7. Жергиликтүү бюджеттин чыгашалары биринчи кезекте корголуучу статья чыгымдарына (эмгек акы, соц фондко чегирүү, тамак аш чыгымдары) жана комуналдык кызмат көрсөтүүлөргө каралсын.
8. Жыл ичинде жергиликтүү бюджетин керешелеринин түшүүсүнө карата жана финансы министрилиги тарабынан берилген өзгөртүүлөрдүн негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Сулаймановко жүктөлсүн.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Муратов |