Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-марты №4
Ноокен айылдык кеңешинин ХХVII –Чакырылышынын IV-сессиясы №11 “Ай-Нуру” балдар бакчасынын 2017-жылдын 31-январындагы №1 токтомун ишке ашыруу максатында ата-энелер төлөмүн көтөрүү боюнча токтомун карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокен айыл Өкмөтүнүн №11 “Ай-Нуру” балдар бакчасынын 2017-жылдын 31-январындагы №1 токтомунун негизинде балдарга татыктуу билим тарбия берүү жана бала бакчанын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында ата-энелер тарабынан бала бакчага көмөк көрсөтүлсүн.
2. Бала бакчалардагы тарбияланып жаткан балдарга ата-энелер төлөмүн балдардын тамак ашын жакшыртуу боюнча балдарга ар бир бакчага келген күнүнө 18 сомдон акча которулсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ноокен айыл Өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Сулаймановко милдетендирилсин.
Төрага | Н. Муратов |