Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-майы №4
Ноокен айылдык Кенешинин депутаттарынын ХХVII-чакырылышынын V-сессиясын угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ноокен айыл аймагында менчик багуу үчүн атуулдар Ноокен айыл өкмөтүнөн каттоодон өтүүсү милдеттендирилсин.
Жайыт пайдаланууда жугуштуу ооруларлын алдын алуу үчүн ветеринардык форма №4 болуусу милдеттендирилсин.
Алыскы Кара-Көл жайлоосуна барган мнчик багарларга ветеринардык форма №1 справкасынын болуусу милдеттендирилсин.
Менчик багарлар үчүн 1 баш малга 1 айлык өлчөмү төмөндөгүдөй бекитилсин.
Алыскы Кара-Көл , Сере жайлоосу үчүн:
Кара малга – 300 сом
Кой, эчкиге- 80 сом
Жылкы – 300 сом
5. Айыл чарба эгиндерди жегизген жарандарга салынган айыптын өлчөмү төмөндөгүдөй бекитилсин.
1 баш кара малга , жылкыга – 2000 сом
1 баш кой-эчкиге – 250 сом
1 баш эшек үчүн – 3000 сом
6. Менчик багуучу атуулдар белгиленген мөөнөттө себепсиз эрте алуусу же эрте таркатуусу үчүн, келишимдин жоктугу, каттоосунун боолбоосу үчүн айыптын өлчөмү 10000 сом деп белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырамын.
Төрага | Н. Муратов |