Загрузка документа…
АК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-марты №4/1
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Б.Төлөгөновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калинин айылындагы ИСКАКБ «Чок-Камыш» таза суусуна ар бир киши башына көчөдөгү суу чоргосунан алса 15 сомдон, үйгө киргизилген сууга 20 сомдон, шланг сайып, уруксатсыз суу сугаргандарга штраф өлчөмү 1000 сомдон бекитилсин.
2. ИСКАКБ «Чок-Камыш» таза суусунун жетекчи операторуна 6000 сом, оператор 5000 сом, оператор 5000 сом, кароолчу 2000 сомдон бекитилсин.
3. Менчик мончо иштеткендерге таза сууга келишимдин негизинде төлөнсүн.
4. 2017-жылга жылдык план 307 680 сом бекитилсин.
5. Бул токтомду юстициядан өткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы Т.Стамакуновго тапшырылсын.
Төрага | Б. Төлөгөнов |