Загрузка документа…
АК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-февралы №3/4
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 400 000(төрт жүз миң) сом акча каражаты АРИС долбоору боюнча келүүчү техниканын өздүк салымы үчүн каралсын.
2. 332 000 (үч жүз отуз эки миң) сом акча каражаты Т.Адыранов орто мектебинин от казанынын өздүк салымы үчүн каралсын.
3. 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты айыл өкмөтүнө компьютер, принтер алууга каралсын.
4. 216 343 (эки жүз он алты миң үч жүз кырк үч) сом акча каражаты Т.Адыранов орто мектебине жана ашканасына керектүү жабдыктарды алуу үчүн каралсын.
5. 270 000 (эки жүз жетимиш миң) сом акча каражаты Терек-Суу айылынын А.Чортеков орто мектебининот казанынын толук ремонтто үчүн каралсын.
6. 29 400 (жыйырма тогуз миң төрт жүз) сом жасалма уруктануу кызматы үчүн каралсын.
7. 10 000 (он миң) сом акча каражаты Терек-Суу айылынын ФАП салынуучу жерге уруксат алууга каралсын.
8. 57 000 (элүү жети миң) сом акча каражаты А.Чортеков орто мектебине керектүү каражаттарды алууга каралсын.
9. 27 000 (жыйырма жети миң) сом Терек-Суу айылындагы күмбөздөрдүн айланасын тосуу үчүн каралсын.
10. 9500 (тогуз миң беш жүз) сом Терек-Суу айылынын борбордук көчөсүн жарыктандырууга уруксат алууга каралсын.
11. 23 500 (жыйырма үч миң беш жүз) Терек-Суу айылынын борбордук көчөлөрүн жарыктандырууга керектүү каражаттарды алууга жумшалсын.
12. 8674 (сегиз миң алты жүз жетимиш төрт) Терек-Суу айылынынжаштар уюмунун документин бүтүрүүгө каралсын.
13. 36 844 (отуз алты миң сегиз жүз кырк төрт) сом эки айылдын балдар бакчасынын кенже курактагы балдарына тамак аш алууга каралсын.
Бардыгы: 1 520 261 сом.
14. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Базарбековго милдеттендирилсин.
15. Бул токтомдор веб.сайтка жарыяланып, юстициядан өткөрүү жагы айыл өкмөт башчы Т.Стамакуновго тапшырылсын.
Төрага | Б. Төлөгөнов |