Загрузка документа…
АК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-сентябры №6/2
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Б.Төлөгөновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдын четиндеги дыйкан чарбанын үлүш жерлери 1-майдан 01-октябрга чейин гана тосулсун.
2. Ал эми зым менен тосуп алынган жайыт жерлер ачылсын жана мындан кийин тосууга тыюу салынсын.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп www.ak-talaa.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсөн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Төлөгөнов |