Загрузка документа…
АК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-октябры №7/1
УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Б.Төлөгөновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Суу айылынын А.Чортеков орто мектебинин ички дааратканасын ремонттоо үчүн 140 000 сом бөлүнсүн.
2. АРИС долбоору менен келүүчү техниканын өздүк салымы үчүн 84 000 сом которулсун.
3. 26 000 сом акча каражаты Калинин айылындагы көчөттөрдү тосуу үчүн каралсын.
4. Бул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп www.ak-talaa.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсөн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Төлөгөнов |