Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-майы №7/2
Ак-Муз айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Б. Абдылдаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИСтин “Мал чарбасын жана рыноку өнүктүрүү-1” долбоорунун 3-траншына жайыт комитети тарабынан төмөндөгү долбоорлор жазылып сунушталсын:
-Көчмө кыркын уюштуруу үчүн жабдыктар сатылып алынсын;
-Айыл аймагына мал камоочу короо салынсын;
-Сары-Жон өрөөнүнө суу чыгаруу жайыт комитетинин эсебинен ремонт кылынсын.
2. Жайыт акыдан банкка төгүлгөн акча үчүн, банктын акысын жайыт акыдан кошуп чогултсун.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовго тапшырылсын.
Төрага | А. Абдырахманов |