Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-ноябры №4/5
Токтогазиев Идирис Кыштобаевич 1954-жылы 23-апрелинде Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылында төрөлгөн.
1971-жылы Нарын шаарындагы С.М.Киров атындагы орто мектебин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1971-жылы 18-августунда Нарын облустук “Нарын правдасы” редакциясында корректор болуп иштөөдөн баштаган. 1972-1974-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1975-жылы Нарын облусунун Граждандык коргонуу штабында эмгектенген. 1975-2004-жылдары СССРдин мамлекеттик коопсуздук комитетинде кызмат өтөп, 2004-жылы отставкага кеткен. 2014-2015-жылдары Нарын троллейбус ДЭПОсунда опператор–электрик болуп иштеген. Учурда Кыргыз Республикасынын Нарын облусу боюнча “Согуштун куралдуу күчтөрдүн жана ооруктагы эмгекчилердин ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары болуп иштеп келе жатат.
Кызматтагы жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Нарын облустук ардагерлер кеңешинин “Ардак грамоталары” менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коопсуздук комитетинин ардактуу ардагери, запастагы капитан.
Жогорудагылардын жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Токтогазиев Идирис Кыштобаевичке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү боюнча Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы мамлекеттик коопсуздук комитетиндеги көп жылдыкүзүрлүү эмгеги үчүн депутаттардын колдоосуна ээ болгондуктан. Токтогазиев Идирис Кыштобаевичке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Жобого ылайык Токтогазиев Идирис Кыштобаевичке атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, жана күбөлүгү тапшырылсын.
Төрага | Ж. Ботоканов |
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, И.Токтогазиевге.