Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-ноябры №4/6
Төлөгөнова Бурулкан Мурсалиевна 1953-жылы Тянь-Шань районунун Ак Кудук айылында туулган. 1972-жылы Нарын медициналык окуу жайын аяктап, эмчи айым адистигине ээ болгон.Ушул эле Нарын облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө балдар медайымы болуп иштеп, өзүнүн эмгек жолун баштаган.Нарын облустук ооруканасында 26 жыл үзгүлтүксүз эмгектенип,1998-жылы ардактуу эс алууга чыккан.
Ардактуу эс алууга чыккандан кийин ,атайын кол өнөрчүлүк менен алектенүү үчүн жамаат түзүп, он айым жолдошторду жумуш менен камсыз кылган. Ар кандай көргөзмөлөрдө, жарманкелерде жамааттын иштүүлөрүнүн эмгегинен жазалган улуттук буюмдарды сунуштап келди.
2007-жылы Өнүктүрүү Банкынын долбоору аркылуу инвестиция тартып келип, “Ай Тилек” кооперативин ачып, жетектеп, 50 аялды жумуш орду менен камсыз кылып келе жатат. Ишиндеги ийгиликтери жана жетишкендиктери үчүн Нарын шаардык мэриясынын, Нарын облустук эл депутаттар Кеңешинин “Ардак грамоталары” менен сыйланган.”Сонкөлдү Манас жердеген” аттуу эл аралык фольклордук фестивалынын, “Эл ичи өнөр кенчи”кароо сынакктарынын Дипломдору,Кыргыз Республикалык” Тогуз кайрык телефестивалында жогорку категориядагы Ардак грамота, дүйнөлүк эпостордун II фестивалынын алкагында өткөн «Боз үйлөр» конкурсунда Маданият жана маалымат министрлигинин II, III даражадагы сыйлыктары менен сыйланган.Кыргыз Республикасынын Ардагерлер кеңешинин “Ардактуу ишмери” орденинин ээси.Казакстанда өткөн “Боз үй” майрамында өзүнүн үй бүлөсүнүн колунан жаралган улуттук оокаттар жана боз үй үчүн 1-орунгаээ болгон.ошондой эле, 2016-жылы өткөн экинчи дүйнөлүк Көчмөндөр Оюнунда “Боз үй жасалгасы” сынагында баш байгени жеңип алган.2014-2015-жылдары Италияда жана Германияда өткөн эл аралык көргөзмөлөргө катышып,кыргыздын улуттук буюм-тайымдарын чет өлкөлөргө таанытып, ийгиликтерге жетишип келген.
Нарын шаарында өткөн иш чараларды уюштуруп, өткөрүүгө ар дайым өзүнүн жигердүү салымдарын кошуп, көмөк көрсөтүп келүүдө.
Жогорулардын негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин тиешелүү депутаттык туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын колдоосуна ээ болгондуктан, Төлөгөнова Бурулкан Мурсалиевнага Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Жобого ылайык Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” күбөлүгү, сертификаты жана төш белгиси берилсин.
Төрага | Ж. Ботоканов |
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, Б.Төлөгөновага.