Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-марты №7/1
Жаны-Арык айыл аймагынын тургундары менен өткөрүлгөн жыйындардын 28.04.2017-жылдагы №1, №2, №3, №4 жана 29.04.2017-жылдагы №5, №6, №7 протоколдорунун негизинде Жаны-Арык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана айылдык Кеңештин депутаттарынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, сунуштарын эске алып Жаны-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Арык айыл аймагында жазгы айдоо-себүүгө катышуучу айыл-чарба техникаларынын тарифтерин, мал багуунун акысын, мал башына жайыт акыны, чөп чабуучу техниканын, дан эгиндерин жыйноочу техниканын тарифтери жана корук жерлерге түшкөн малдарга айып пулдарды белгилөө, корук уюштуруунун, сугат сууларын пайдалануу мөөнөттөрү төмөндөгүдөй белгиленсин жана бекитилсин:
1) 1 га жер аянты үчүн:
- Жер айдоо – 1000 сом, 25 л май
- Малалоо – 400 сом, 10 л май
- Себүү – 500 сом, 10 л май
- Шак тартуу – 150 сом, 5 л май
- Чөп чабуу (косилка) – 800 сом, 10 л май
- Чөп чабуучу комбайн – 1200 сом, 10 л май
- Пресс подборщик – 1 түк чөп 6 сом, 1 га жерге 10 л май
- Комбайндын акысы – 1500 сом, 25 л май
2) 1 га жер аянты сугат жүргүзүү үчүн:
- Кара сугат – 6 саат
- Жер жана чөп аянтын сугаруу – 5 саат
- Огород сугаруу – 4 саат, огород сугаруу кечки саат 07-00 дөн, эртен мененки саат 04-00 гө чейин жүргүзүлөт.
Эскертүү: Сугат суунун акысы 1 га жер аянты үчүн 100 сом же 2 чакадан дан берилет.
3) Мал багуунун акысы
- Бодо малга – 250 сом
- Кой-эчки – 30 сом
4) Жайыт акысы:
- Бодого (уй, жылкы, топоз) – 60 сом, төлүнө алынбайт
- Кой-эчки – 12 сом, төлүнө алынбайт.
5) Корук уюштуруу: 2017-жылдын 25-апрелинен башталат. Күзүндө оруп-жыюу өнөктүгү толук аяктаганга чейин жүргүзүлөт.
Корукка түшкөн малдын айып пулу:
- Бодого – 100 сом
- Кой-эчкиге – 30 сомдон.
Эскертүү: Корукчу 12 саат ичинде мал ээсине, айыл башчыларга билдириши керек.
6) Көчүү- конуунун убактысы: 25-апрелден тартып ички жайыттарга, ал эми сырткы жайыттарга 20-июнга чейин толук көчүп бүтүшү керек.
2. Жаны-Арык айылдык Кеңешинин 05.04.2016-жылдагы №3/7 токтому күчүн жоготту деп табылсын;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Саралаев |