Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-апрели №8/1
Жаны-Арык айылынын тургундарынын Кулбараков Автандил Илдусовичге Жаны-Арык айылынын «Ардактуу атуул» наамын берүү жөнүндө кайрылуусун карап, айылдык Кеңештин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кулбарак Автандил Илдусовичге Жаны-Арык айылынын “Ардактуу атуулу” наамы берилсин;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Үсөновго тапшырылсын;
Төрага | К. Саралаев |