Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-апрели №8/5
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 18.06.2006-жылдагы №672 токтомун жетекчиликке алып, Жаны-Арык айыл айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасы жок болгондугуна байланыштуу, Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Молдобазаровдун менчик N 6788 А мамлекеттик номериндеги NISSAN автоунаасын кызматтык автоунаа катары пайдалануу жөнүндө кайрылуусун карап жана айылдык Кеңештин депутаттарынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасы жок болгондугуна байланыштуу, Жаны-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Молдобазаровдун менчик N 6788 А мамлекеттик номериндеги NISSAN автоунаасы кызматтык автоунаа катары пайдаланылсын;
2. Менчик автоунаа ээси Р.Молдобазаровго КР Өкмөтүнүн 18.06.2006-жылдагы №672 токтомунда көрсөтүлгөн шартта компенсация төлөп берүү жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы ФЭБ башчысы Т.Султанкадыровго тапшырылсын;
Төрага | К. Саралаев |